Жакынкы аралыкта ОшМУ менен БААУнун кызматташтыгы кеңейет

2022-11-28 15:15:25 104

Бүгүн Ош МУга Борбордук Азиядагы Американын университетинен (БААУ) окутуучусу (антрополог) магистр Такахаши Юми айым студенттери менен конокко келип, ОшМУ нун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн проректору А.О. Абдувалиев менен жолугушуу болду. Юми айым келечекте ОшМУ менен биргеликте келечекте жасалуучу иштер жөнүндө маектешүү болду. Жакынкы аралыкта ОшМУ – БААУ менен биргеликте академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттерди гана эмес, окутуучулардын дагы мобилдүүлүгүн жандандыруу жөнүндө маек курушту. Мындан сырткары симпозиум жана башка иш чараларды өткөрүү пландалууда.