Бирге күрөшөбүз! “СПИД кылым коркунучу ”

2022-12-02 10:38:11 117

Бирге күрөшөбүз! “СПИД кылым коркунучу ”🧬🧪🌎 Ош Мамлекеттик Университетинин, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин, Россия- Евразия интеграциялоо бөлүмүнүн, Башталгыч класс.Англис тили программасынын студенттерине 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД ооруусуна каршы күрөшүү күнүнө карата "Бирге күрөшөбүз!“СПИД кылым коркунучу” аттуу тарбиялык-маалымат иш-чара өткөрүлдү. Иш чаранын алкагында студенттер өлкөбүздө ден-соолук, биримдик, туруктуулук, ишеним орун алса биз СПИДди жеңе алабыз деп, ВИЧ инфекциясы, өтө тездик менен жайылып бара жаткан кылымдын чумасы СПИД дарты тууралуу жана коркунучтуу илдеттин алдын алуу, ооруунун жугуу жана сактануу жолдору, сергек жашоо мүнөзү боюнча атайын маалыматтарды Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун адиси чакырылып доклад окулду, студенттер менен суроо-жооптор уюштурулду. Студенттер арасында дубал сүрөт сынагы уюштурулду, мыктылар аныкталып символикалык белектер тапшырылды. Калоочу катышуучулардан СПИДге карата анализдер алынды.