Кыргызстандагы БУУӨПтун гендердик консультанты С.К.Боронбаева конок лекция өттү

2022-12-07 13:38:20 89

Бүгүн, 2022-жылдын 6-декабрында, ЭАББПЖМнын Россия-Евразия интеграциялоо бөлүмүндө, Кыргызстандагы БУУӨПтун гендердик консультанты С.К.Боронбаева "Гендердик линза аркылуу" аталыштагы конок лекция өттү. Бул лекция "Гендердик зомбулукка каршы" аттуу 16-күндүк кампаниянын алкагында "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын чакыруусу менен уюштурулду. Гендердик стереотиптер жана гендердик сезимтал мамилелер, ошону менен катар коомдогу гендердик индикаторлор талкууланып, суроолор берилип жооптор алынды.