ЭАББПЖМдин Россия-Евразия интеграциясы бөлүмүндө "Корей маданияты" аттуу иш-чара болуп өттү.

2022-11-26 12:53:05 95

2022-жылдын 25-ноябрында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия-Евразия интеграциялоо бөлүмүндө "Корей маданияты" аттуу иш-чара болуп өттү. Кечеде "Седжон 2" институтунун мүчөлөрү тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, атайын корей элинин улуттук даамдарын жасаган ашпозчулары катышты, корей маданиятынын баалуулуктарын даңктап, жарнамалашты. Жыйынтыгында студенттер активдүү катышып, ОшМУнун студентик коомчулук менен иштөө боюнча ректордун орун басары доцент, Ж.А. Артыкова, ЭАББПЖМнын директор, Д.А. Турсунов, доцент, Д.А. Акматовалар жылуу пикирлерин билдиришти.