710400 – Программалык инженерия (бакалавр)
– билим берүү программасынын жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору,профессор Турсунов Д.А.
Эксперименталдык-Математика жана компьютердик илимдер (бакалавр) билим берүү программасынын жетекчиси ф.-м.и.д.,профессор Турсунов Д.А.
2018-жылдын 25-майында ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомунда кабыл алынган чечиминин жана университеттин ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругунун негизинде Кыргыз-Түрк факультети түзүлгөн. Кыргыз-Түрк факультетинде билим берүү процесси Түркиянын Кастамону жана Sivas Cumhuriyet университеттери менен биргеликте окуу пландары жана алмашуу программалары иштелип чыгып, анын негизинде жумуштар жүргүзүлгөн. Ош мамлекеттик университетинин уюштуруу тузүмү 2021-жылдын 1-июлунан тартып оптималдаштыруунун алкагында Кыргыз-Түрк факультетинин, Кыргыз-Россия факультетинин, Кыргыз-Европа факультетинин жана Аймак таануу кафедрасынын базасында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби(ЭАББПЖМ) жана анын курамында “Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы” бөлүмү түзүлгөн. Бүгүн күндө түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө кесиптик жогорку билими – бакалавр 710400 “Программалык инженериясы” жана “Математика жана компьютердик илимдер” программалары иш алып барат, программаларды ф.-м.и.д., профессор Д. А. Турсунов жетектейт. Бөлүмдүн профессордук- окутуучулук курамы илимдин түрдүү багыты боюнча билим берүү, илим изилдөө, чыгармачыл иштерин жүргүзүп, магистратура, аспирантурада билим алышат. Бөлүмдө 1 илимдин доктору, профессор, 2 илимдин кандидаты, доценттер, 1 ага окутуучу, 1 аспирант изденүүчү-окутуучу, 5 магистр, 2 окутуучу эмгектенишет. Бөлүмдүн окутуучулары илимий семинар, тренинг, конференция, симпозиум, фестиваль, конкурстарга активдүү катышышат жана Турция, Россия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашуу максатында алака түзүшүп, илимий-практикалык конференцияларга катышып келишет.
Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүн 2021-23 жж. ф.-м.и.к., доцент Аркабаев Нуркасым Кылычбекович, 2023-24 жж. октябрь айына чейин ф.-м.и.к., доцент Орозов Максатбек Омурбекович бөлум башчылык кызматын аткарып келишкен, 2024-жылдын октябрынан ф.-м.и.к., доцент Мамытов Айтбай Омонович бөлүмдү жетектеп келүүдө.
Боордош өлкөлөрдүн университеттеринин моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандарттарын колдонуп, мамлекетибиздин жогорку окуу жайларына үлгү болгудай системаны куруу, дүйнөлүк интеграция процессинде алдыңкы топто жүрүү, рухий байлыктарга жан тарткан, акылга бай, сезгич, адептүү, жоопкерчиликтүү, санариптештирүү технологияларын өндүрүштө жана билим берүүдө, инженердик жана техникалык проектирлөөдө компьютердик моделдештирүүнү колдоно алган заманбап адистерди, улуттук нарк-насил жана байлыктарды барктаган, ар кандай маселеге сын көз менен караган, баамчыл, демократиянын шарттарын аздектеген, эркин ойлонгон, искусствого баа берген, демократиялашуу жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошкон жаратман муунду өстүрүү жана коомдун жана мамлекеттин квалификациялуу адистерге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу.
Дүйнөлүк интеграция процессинде алдыңкы топто жүрүү жана адамзаттык баалуулуктарды баалай билген, санариптештирүү технологияларын өндүрүштө жана билим берүүдө, инженердик жана техникалык проектирлөөдө компьютердик моделдештирүүнү колдоно алган заманбап адистерди даярдоо.
Бүгүнкү күндө Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү окутуунун сапатын жогорулатуу жана билимди баалоонун жаңы технологияларын ийгиликтүү ишке ашырууда:
• адистиктердин окуу предметтери боюнча окуу-методикалык материалдардын электрондук варианты даярдалып ЭАББЖМ сайтына жүктөлгөн;;
• факультетин окуу процессинде Internet тармактарына туташкан атайын 3 компьютердик лаборатория колдонулат (50 даана компьютер);
•студенттердин креативдик лабораториясы (308 ауд.);
• проектор, түстүү принтер, 2 даана электрондук доска, 3-d принтер, робототехникага тиешелүү каражаттар;
Окутуунун сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн компьютердик лаборатория жана мультимедиялык класска, видеопроекторго ээ. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин интернет борбору аркылуу дүйнөлүк интернет тармагына акысыз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле, китепкана, эл аралык китепканаларга чыга алуучу электрондук китепкана жана окуу залы бар.
Боордош өлкөлөрдүн университеттеринин моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандарттарын колдонуп, мамлекетибиздин жогорку окуу жайларына үлгү болгудай системаны куруу максатында эл аралык (международный) стандарт боюнча билим берүү жүргүзүлүп, бөлүмдө эки программа, тактап айтканда “Программалык инженериясы”, “Математика жана компьютердик илимдер” программалары иш алып барат.
•Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жана Туркия Республикасынын мамлекеттик дипломдоруна ээ болушат(кош диплом);
•Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жана Россия федерациясынын мамлекеттик дипломдоруна ээ болушат(кош диплом);
•Дипломдун негизинде эки мамлекетте тең адистик боюнча иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;
•Түркиядан келген окутуучулар аркылуу түрк тилин мыкты үйрөнүшөт;
•Түркия, Россия жана Кыргызстандык жогорку даражадагы мугалимдер сабак өтүшөт;
•Аталган программаларды аяктаган студенттер Түркияда, Россияда магистратура жана докторантурада окуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат;
•Академиялык мобилдүүлүктүн негизинде эл аралык университеттерде (MEVLANA, ERASMUS MUNDUS+ ж.б.) программалар аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунда билим алып келүү жана практикалардан өтүшөт;
•Кошумча чет тилдерин (түрк, англис, немец, кытай ж.б.) өздөштөрүү мүмкүнчүлүктөрү бар;
•Илимий-изилдөө долбоорлоруна колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү бар;
•Эл аралык түрдүү конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.
Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн предмети болуп, төмөнкүлөр саналат:
1)Мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана кызыкдар тараптардын талаптарына ылайык негизги билим берүү программаларын(НББП) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2)Бөлүмдүн профили боюнча фундаменталдык, колдонмо илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү;
3)Жогорку билимдүү кесиптик билими бар адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
4)Кызыкдар тараптардын талаптарына ылайык кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу;
5)Лицензиялык жана аккредитациялык талаптарына ылайык негизги билим берүү программаларын(НББП) ишке ашыруу.
Бөлүм төмөндөгүдөй илимий багыттар боюнча илимий жумуштарды алып барат:
а)Дифференциалдык тендемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу;
б)Санариптештирүү технологияларын өндүрүштө жана билим берүү тармагында колдонулушу;
в)Инженердик жана техникалык проектирлөөдө компьютердик моделдештирүүнүн колдонулушу
Алынган жыйынтыктар:
Шифр, адистиги: 01.01.02. Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу
•Турсунов Д.А. – Тема: “Бисингулярдуу козголгон дифференциалдык тендемелердин чечимдеринин асимптотикасы”.
Шифр, адистиги: 01.01.02. Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу.
Илимий жетекчиси: Алымкулов Келдибай.
• Мамытов А.О. – Тема: “Төртүнчү жана бешинчи тартиптеги жекече туундулуу интегро-дифференциалдык теңдемелердин бир классы үчүн тескери маселелер”.
Физика-математикалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация.
Шифр. адистиги: 01.01.02. Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу. Илимий жетекчиси; ф.-м.и.д., профессор Асанов А.
• Орозов М.О. – Тема: “Бисингулярдык козголгон эллиптикалык типтеги сызыктуу теңдемелер үчүн чектик маселелердин чыгарылыштарынын асимптотикасы”.
Физика-математикалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация.
Шифр. адистиги: 01.01.02. Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу.
Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Турсунов Д.А.
• Садиева А.С. – Тема: “Туруксуз спектри менен сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдеиелердин системасынын чечиминин асимптотикасы” аталышындагы илимий теманын үстүндө иш барууда.
Шифр. адистиги: 01.01.02. Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу.
Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Турсунов Д.А.
1. Шифр. адистиги: 08.00.05. Тармактык экономика
•Абжапар к Ф. – Тема: “Региондун кайра иштетүү ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн оптималдаштыруу жана аларды моделдештирүү базасында болжолдоо”.
Илимий жетекчиси: Экономика илимдеринин доктору, профессор Т.Ч. Култаев.
•Сыдыкова Н.А. – Тема: “Кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканалардын экономикалык анализи” (пандемияга чейин жана андан кийин).
Илимий жетекчиси: Имаралиев Өмүрбек Рахманалиевич
• Асилбеков Т.М. – Тема: “SCTP протоколун колдонууда трафикти балансташтыруунун натыйжалуулугун талдоо”.
Шифр. адистиги: 09.04.01. Информатика жана эсептөө техникасы.
Илимий жетекчиси: Техника илимдеринин кандидаты, доцент,Соснин В. В.
•Ураимова А.С. – Тема: “Орто мектепте барабарсыздыктарды окутууда интерактивдүү технологияларды колдонуу”.
Шифр, адистиги: 550200. Физика-математикалык билим берүү.
Илимий жетекчиси: Момунова Н.Д.
• Исраилбекова З.И. – Тема: “Бакалавриат системасында онлайн формаларды колдонуунун актуалдуу маселелери”.
Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Турсунов Д.А.
• Кубанычбек уу О. – Тема: “Ош шаарынын мекемелериндеги бош орундар үчүн Visual Studio Net программасын колдонуу менен маалыматтык программаны иштеп чыгуу”.
Илимий жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент Аркабаев Нуркасым Кылычбекович.
1. Түркиянын Кастамону жана Sivas Cumhuriyet университеттери.
2. Россиянын Түштүк-Урал мамлекеттик университети, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети.
3. Өзбекистандагы Фергана мамлекеттик университети, Наманган мамлекеттик университети, М. Улукбек атындагы Өзбек Улуттук университети, Коканд мамлекеттик педагогикалык институту;
4. Казахстандагы Досмухамедов атындагы Атырау университети, Ал-Фараби атындагы КУУ, К. Жубанов атындагы Актюбе регионалдык университет.
5. Турциядагы Сивас мамлекеттик университети (Sivas Cumhuriyet Üniversitesi).
Компьютердик инженерия – бул математикалык моделдерге гана эмес, илимдин башка тармактарына да таянуу менен ар кандай татаалдыктагы алгоритмдерди жана компьютердик программаларды иштеп чыккан адис болуп саналат. Бул тармак дүйнѳнү ѳзгѳртѳ алды жана анын мындан аркы ѳзгѳрүүлѳрүндѳ да негизги ролду ойнойт. Компьютердик инженерлер маалымат технологиялар тармагынын кызматкерлеринин жана программисттеринин башында турушу керек.
Тарбиялык иштер программанын күнүмдүк иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат, ал ар кандай максаттагы иш-чаралар менен мүнөздөлөт: куратордук сааттар, сынактар, КВН, талкуулар, сынактар, кызыктуу адамдар менен жолугушуулар, кайрымдуулук акциялары ж.б.
БИЗДЕ:
• Математика: логикалык, жогорку дискреттик
• Информатика: базалык информатика, программалоо тилдери, компьютердин архитектурасы; операциондук системалар; телекоммуникация жана тармактар.
• Программалоо тилдеринин негизинде компьютердик жана телефонго программаларды, сайттарды, оюндарды түзүүнү үйрөтөт.
• сайт иштеп чыгуу боюнча: HTML, CSS, PHP, JavaScript, Python-Django берилгендердин базасын түзүү үчүн: MySQL, SQL Server, Oracle,
Биздин студенттер практикасын төмөнкү ишканаларда өтөсө болот:
• мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде;
• банктарда;
• Шаардык телевидениелерде;
Бизди бүткөндөн кийин квалификация жана келечектеги кесиптер:
• Программист,
• Программалык камсыздоо дизайнери,
• Программалык камсыздоо сиситемасынын инженери,
• Программаны тестирлөө боюнча адис,
• Программалык камсыздоо жана маалыматтык системаны иштеп чыгуу боюнча адис,
• Программалык камсыздоо адиси,
• Программалык камсыздоону башкаруу боюнча адис,
• Маалымат системасын башкаруу боюнча адис.
• Системанын архитектору,
• Системалык программист
Негизги учурлар:
• Коррупциясыз сапаттуу билим берүү;
• Студенттердин кыялдарын ишке ашыруу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр;
• Чет өлкөлүк практика өтөсө болот : Турция, Германия, Өзбекстан, Болгария,Россия ж.б.;
• Магистратурада ОшМУда жана чет өлкөдө билим алууну улантуу мүмкүнчүлүгү
600200 – ТУРИЗМ
“Туризм менеджменти жана мейманкана иши” профили
Туризм бөлүмү туризм жана мейманкана ишмердүүлугү жаатында бакалавр адистерин даярдайт.
Туризм бөлүмү туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү жаатында бакалавр адистерин даярдайт. Туризм, көптөгөн өнүккөн жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө негизги тармак болуп саналат. Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы жана меймандос эли менен акыркы мезгилде эл аралык туризмдин жаңы көздөгөн жерине айланды. Ушундан улам, мейманканаларда, коомдук тамактануу жайлары жана башка туристтик ишканаларда сапаттуу тейлөөгө муктаждык жаралууда. Жаралган суроо-талапты жогорку квалификациялуу кадрлар менен чечүү мүмкүн.
Окуу учурунда туристтик бизнес менен туруктуу кызматташууга жана координациялоого, студенттердин социалдык өнүгүүсүнө жана регионалдык туризмдин өнүгүшүнө көмөктөшүүгө көп көңүл бурулат.
Келечектеги карьера
Мейманкана жана жайгаштыруу ишканаларында:
Отель менеджери,
конок үйүнүн менеджери
ден соолукту чыңдоо жана эс алуу ишканаларынын менеджери,
фронт- офис бөлүмүнүн менеджери,
тамак-аш жана суусундуктар боюнча менеджери,
коноктор менен байланыш бөлүмү адиси,
НК менеджери,
брондоо бөлүмү адиси,
сатуу жана маркетинг бөлүмү адиси,
банкеттерди, көргөзмөлөр, конференциялар жана башка иш-чараларды уюштуруу бөлүмү адиси.
Тамак-аш жана суусундуктар тармагында:
ресторандын, кафенин жана башка коомдук тамактануучу жайлардын менеджери,
официант
кейтеринг кызматтары.
Туристтик фирмаларда:
тур менеджер,
турфирманын кызматкерлери,
туристтик продуктыларды өнүктүрүү боюнча адистер,
туристтик продуктыларды сатуу боюнча адистер,
гид,
гид-котормочу ж.б.
Мамлекеттик уюмдарда адистер;
ЖӨБ органдарында адистер;
Туристик ассоцияциаларда, мекемелерде адистер.
“Эл аралык туризм” профили
“Эл аралык туризм” профилинин программасы негизинен чет тилдерин тереңдетип үйрөнүүнү камтыйт. (англис, испан, немис, түрк тилдери) Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин чөйрөсү керектөөчүлөрдүн талаптарынажооп берген сапаттарга ээ болгон туристтик продуктыларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү, туризм индустриясынын негизги тармактарында комплекстүү туристтик кызматтарды уюштурууну, туристтик жана рекреациялык зоналарды жана комплекстерди долбоорлоону, жана аларды башкаруу.
“Эл аралык туризм” профилинин бүтүрүүчүлөрү туризм тармагындагы эл аралык компанияларда, туризмди башкаруунун мамлекеттик органдарында, аймактардын туристтик администрацияларында жана туроператорлордо
Келечектеги карьера
• Туристтик бизнестин иштеп чыгуучусу жана жетекчиси;
• Туристтик продуктуну иштеп чыгуучу;
• Туризм боюнча комитеттин мүчөсү;
• Турагент (кирүү, чыгуу, ички туризм);
• Туристтик агенттиктин менеджери;
• Агент, кеңсе администратору;
• Экскурсиялык (туристтик) топторду түзүү боюнча ассистент;
• Билим берүү уюмунун кароосу боюнча буйруктарды иштетүүчү адис жана башка кесиптер (квалификациялар);
• Гид-котормочу экскурсовод.
ЛИЦ. № LD170000279
530600 - ЖУРНАЛИСТИКА
530700-РЕКЛАМА ЖАНА КООМЧУЛУК МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
Журналистика менен Реклама жана коомчулук менен байланыш багыттары мамлекеттик жана жеке секторлордо, ММКларда журналист жана PR адистиктерине тийиштүү кабар жана реклама жазган, ишкердик имиджди түзө алган, PR-кампанияларды уюштура алган, социологиялык жана маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзө алган, ишканалардын коммуникациялык стратегиясын түзө алган адистерди даярдоону максат кылат.
Биздин бөлүм технологиялык инфраструктурасы жана кесипкѳй академиялык курамы менен салттуу жана жаңы медиа чөйрөлөрүнүн бардык тармактарында иштей турган келечектеги ѳз тармагынын мыкты адиси боло турган журналисттерди даярдоодо маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Студенттерибиздин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн учурдагы шарттарга жооп бере турган деңгээлге жеткирүү максатында кафедрабыздын окуу планы дүйнөдө болуп жаткан өнүгүүлөрдү жана сектордогу талаптарды эске алуу менен кайра каралып, жаңыртылып турат.
Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмү креативдүү ой жүгүрткөн, рыноктун талабына жооп бере ала турган маалыматтык технологияларды өздөштүрө алган адистерди даярдайт. Окутуу программасы коммуникация боюнча жалпы дисциплиналарды, ошондой эле коомчулук менен байланыш, жарнама, менеджмент, журналистиканын негиздери, маркетинг, графика жана дизайн, анимация сыяктуу тар чөйрөгө багытталган дисциплиналарды камтыйт.
Журналистика багынтында төмөнкүлөр окутулат
• Заманбап профессионалдык журналистика
• Мультимедиа журналистикасы
• Фото жана видео тартуу өнөрлөрү
• Социалдык тармактарга кабар даярдоо
• Графикалык дизайн
• Социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү
Реклама жана коомчулук менен байланыш багытында төмөнкүлө окутулат:
• Коомчулук менен байланыштын (PR) негиздери
• Маркетинг
• Реклама түзүүнүн негиздери
• Интернет реклама
• Графикалык дизайн
• Веб-дизайн
Келечектеги карьера
• Редактор
• Кабарчы
• Пресс катчы, пресс консультант
• Фотожурналист
• Веб-дизайнер
• Маркетолог
• PR-менеджер
• Гезит дизайнери
580100 – ЭКОНОМИКА
Экономика адистиги 2018-жылы Кыргыз-Түрк факультетинин базасында ачылган. Адистиктин негизги максаты: Кыргызстандын жана дүйнөнүн жеке жана мамлекеттик тармактарында талап кылына турган сапаттуу экономисттерди тарбиялоо үчүн уюшулган бөлүм болуп саналат.
Экономика адистигинин академиялык курамында 3 экономика илимдеринин кандидаты, доцент, 2 аспирант студенттерге татыктуу билим беришүүдө.
Биздин адистиктин студенттери эл аралык уюмдарда экономист, бухгалтер, банкир жана күчтүү финансист болуп иштегиң келеби? Ошондой эле, өз жеке ишкердиктерин ачып, бизнес секторунда эл аралык деңгээлге көтөрүлө алышат.
Бакалавр программасында төрт жылдык окуутудан туруп, экономика, менеджмент, укук жана финансы, бухгалтердик эсеп, маркетинг, ишкердүүлүк сабактары негизги сабактар катары берилет. Окутуу-үйрөтүү процесси студенттерде аналитикалык, жаратмандык ойлонуу жөндөмүн пайда кылууга багытталган. Экономика бөлүмүнүн студенттери алгачкы жылдардан эле баштап технологиялык жетишкендиктерди пайдалануу аркылуу компьютер менен коштолгон билим алышууда. Студенттер тажрыйбада кеңири колдонулган программалардын жанында ошондой эле ар кандай статистикалык жана эконометрикалык анализ кылуу программаларын дагы үйрөнүшүүдө.
Экономика адистиги – маалыматты туура колдоно алган, актуалдуу экономикалык маселелерди талдай алган жана чечүү жолдорун сунуштай алган, мамиле курууну билген, этикалык принциптерди сыйлаган, жаңыланууга жана өсүп-өнүгүүгө даяр, бизнести башкарууга тиешелүү компьютердик программаларды колдоно алган студенттерди даярдоо максатын алдына койгон.
Мындан тышкары, өз багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, кызыктар тараптар менен жыйынтыктары менен бөлүшүүгө; коом алдындагы милдетине ылайык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашырууга; ар кандай рыноктук шарттарга ылайыкташуу күчүнө жана жогору атаандаштык артыкчылыгына ээ студенттерди тарбиялоого багытталган окуу программасын сунуштайт.
Анткени биздин бүтүрүүчүлөр төмөнкү кесиптин ээлери боло алышат:
• экономист - аналитик
• бухгалтер
• финансист
• салык кызматкери
• бизнес башкаруучу
• банкир
• маркетолог
• менеджер
Биздин студенттер практикасын төмөнкү ишканаларда өтөсө болот:
• мамлекеттик ж-а муниципалдык мекемелерде;
• банктарда;
• фирмаларда;
• салык жана салык салуу мекемесинде;
• ЖЧК (жоопкерчилиги чектелген коом) жана акционердик ишканаларда;
Негизги учурлар:
• Коррупциясыз сапаттуу билим берүү;
• Студенттердин кыялдарын ишке ашыруу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр;
• Чет өлкөлүк практика өтөсө болот : Турция, Германия, Өзбекстан, Болгария, Россия ж.б.;
• Магистратурада ОшМУда жана чет өлкөдө билим алууну улантуу мүмкүнчүлүгү,
• Студенттердин жогорку мектепте жана бөлүмдө жүргүзүлүп жаткан инновациялык иштеп чыгууларга катышуусу;
ЛИЦ. № LD170000279