Россия Евразия интеграция бөлүмүнүн Аймак таануу программасы “Япон маданияты” күнүн өткөрүштү

2022-11-28 15:05:39 105

24.11.22 куну ЭАББПЖМнин Россия Евразия интеграция бөлүмүнүн Аймак таануу программасынын окутуучусу Асанахунова Зарина жана аталган программада япон тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен биргеликте “Япон маданияты” күнүн өткөрүштү. Иш чарага Япониянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн кенешчиси Соичиро Окава мырза жана Жапон маданиятынын өкүлү Чие Нагао айым катышты. Коноктор жапон стилинде тамашалуу номер даярдап келип аткарышты. Ошондой эле жапон таануу борборуна бир нече китептерди белек кылышты. Аталган иш чарага студенттер ыр, бий даярдап аткарышты. Мындан сырткары kahoot конкурсу болуп, жеңүүчүлөр белектер менен сыйланды.