ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультети 2018-жылдын 25-майында Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомунда кабыл алынган чечиминин жана университеттин ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругунун негизинде ачылган. Факультетти саясий илимдеринин кандидиты, доцент Тимур Козукулов жетектөөдө. Кыргыз-Түрк факультетинде билим берүү процесси Түркиянын Кастамону, Sivas Cumhuriyet сыяктуу белгилүү университеттери менен биргеликте түзүлгөн окуу пландары жана алмашуу программаларынын алкагында жүргүзүлөт. Факультеттин башкы максаты заманбап университеттердин моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандарттарын колдонуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына үлгү болгудай системаны куруу, дүйнөлүк интеграция процессинде алдыңкы топто жүрүү. Кыргыз-Түрк факультети адам укугун коргогон, рухий байлыктарга жан тарткан, акылга бай, сезгич, адептүү, жоопкерчиликтүү, тапкыч, заманбап маалымат технологияларын башкара алган, улуттук нарк-насил жана байлыктарды барктаган, ар кандай маселеге сын көз менен караган, баамчыл, демократиянын шарттарын аздектеген, эркин ойлонгон, искусствого баа берген, Кыргыз Республикасынын демократиялашуу жана базар экономикасына өтүү процесстеринин тездешине өз салымын кошкон жаратман муунду өстүрүү жана адистерди тарбиялап чыгаруу факультеттин миссиясы. Факультеттин окутуучулук профессордук курамы илимдин түрдүү багыты боюнча билим берүү, илим изилдөө, чыгармачыл иштерин жүргүзүп, магистратура, PhD-докторантурада, аспирантурада билим алышат. Факультетте 7 илимдин кандидаты, доценттер, 2 PhD доктор, 2 ага окутуучу, 4 изденүүчү-окутуучу, 18 окутуучу эмгектенишет. Андан сырткары Кыргызстан Коммуникаторлор Ассоциациясынын 2 мүчөсү бар. Факультеттин студенттеринин жана окутуучуларынын илимий изилдөө иштери негизинен түрдүү багыт менен байланышкан. Факультеттин окутуучулары илимий семинар, тренинг, конференция, симпозиум, фестиваль, конкурстарга активдүү катышып, окутуучулар Турция, Испания, Россия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашуу максатында алака түзүшүп, илимий-практикалык конференцияларга үзүрлүү катышып келишүүдө.
МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР
Бүгүнкү күндө факультетте окутуунун сапатын жогорулатуу жана билимди баалоонун жаңы технологияларын ийгиликтүү ишке ашырууда:
Факультетте студенттердин семестр ичинде үзгүлтүксүз өз алдынча иштөөсүн уюштуруу, алган билимдерин баалоо жана көзөмөлдөө максатында окутуунун рейтингдик-модулдук системасы киргизилген. Факультетте окутуунун сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн компьютердик борбор азыркы күндө компьютердик лаборатория жана мультимедиялык класска, видеопроекторго ээ. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин интернет борбору аркылуу дүйнөлүк интернет тармагына акысыз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Факультетте китепкана, эл аралык китепканаларга чыга алуучу электрондук китепкана жана окуу залы бар.
Мүмкүнчүлүктөр жана өзгөчөлүктөр: