Кореяга иш сапар: Пусан жана Кванджуда академиялык өнөктөштүк кеңейет

2025-11-12 08:55:56 81

2025-жылдын 31-октябрынан 7-ноябрга чейин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн башчысы, доцент Д.А.Акматованын жетекчилигинде окутуучулар Корея Республикасынын Сеул, Пусан, Кванджу ж.б. шаарларына, Йосу аралдарында иш сапарда болушту. 3-ноябрда Пусан шаарындагы Кенгнамжонгбо университетинин ректору, информациялык технологиялар факультетинин деканы менен, ошондой эле 5-ноябрда Кванджу университетинин ректору Ким Донг Жин менен жолугушуп, анда студенттер жана окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү дагы күчөтүү, кош дипломдуулук боюнча, ошондой эле биргеликте илимий изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ошону менен бирге ал жерде мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттерибиз менен жолугушуп, алардын жашоосу, окуусунан кабар алышты. Кванджу университети Кыргызстандын студенттеринин жардам фондуна 100 миң $ бөлүнгөнүн билдиришти.