• Отделения
  • Отделение интеграции туркоязычных стран

Отделение интеграции туркоязычных стран

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн башчысы

Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Орозов Максатбек Омурбекович

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө төмөнкү адистиктер окутулат:



710400 – Программалык инженерия (бакалавр) – программа жетекчиси физика-математика илимдеринин кандидаты Орозов Максатбек Омурбекович

580100 – Экономика (бакалавр), 580100 – Дүйнөлүк экономика профили – программа жетекчиси Эсенали кызы Гулзина

600200 – Туризм (бакалавр), (Эл аралык туризм профили) – программа жетекчиси Жусуева Толгонай


710400 – ПРОГРАММАЛЫК ИНЖЕНЕРИЯ

Программалык инженерия адистиги 2018-жылы Кыргыз-Түрк факультетинин базасында түзүлгөн (ЛИЦ. № LS180001130). Бүгүнкү күндө айти тармагы заманбап кесиптердин сап башында тураары талашсыз. Биздин адистикке дүйнөлүк талапка жооп берген, инженер программисттер даярдалат.

Окутуунун багыты салттуу үчилтикке - методдорго, куралдарга, технологияларга негизделген жөнөкөй кол өнөрчүдөн илимге жана өндүрүшкө чейинки программалоонун эволюциясын чагылдырат.

Программалык инженерия – бул математикалык моделдерге гана эмес, илимдин башка тармактарына да таянуу менен ар кандай татаалдыктагы алгоритмдерди жана компьютердик программаларды иштеп чыккан адис болуп саналат. Бул тармак дүйнѳнү ѳзгѳртѳ алды жана анын мындан аркы ѳзгѳрүүлѳрүндѳ да негизги ролду ойнойт. Компьютердик инженерлер маалымат технологиялар тармагынын кызматкерлеринин жана программисттеринин башында турушу керек.

Тарбиялык иштер программанын күнүмдүк иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат, ал ар кандай максаттагы иш-чаралар менен мүнөздөлөт: куратордук сааттар, сынактар, КВН, талкуулар, сынактар, кызыктуу адамдар менен жолугушуулар, кайрымдуулук акциялары ж.б.

БИЗДЕ:

• Математика: логикалык, жогорку дискреттик

• Информатика: базалык информатика, программалоо тилдери, компьютердин архитектурасы; операциондук системалар; телекоммуникация жана тармактар.

• Программалоо тилдеринин негизинде компьютердик жана телефонго программаларды, сайттарды, оюндарды түзүүнү үйрөтөт.

• сайт иштеп чыгуу боюнча: HTML, CSS, PHP, JavaScript, Python-Django берилгендердин базасын түзүү үчүн: MySQL, SQL Server, Oracle,

Биздин студенттер практикасын төмөнкү ишканаларда өтөсө болот:

• мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде;

• банктарда;

• Шаардык телевидениелерде;

Бизди бүткөндөн кийин квалификация жана келечектеги кесиптер:

• Программист,

• Программалык камсыздоо дизайнери,

• Программалык камсыздоо сиситемасынын инженери,

• Программаны тестирлөө боюнча адис,

• Программалык камсыздоо жана маалыматтык системаны иштеп чыгуу боюнча адис,

• Программалык камсыздоо адиси,

• Программалык камсыздоону башкаруу боюнча адис,

• Маалымат системасын башкаруу боюнча адис.

• Системанын архитектору,

• Системалык программист

Негизги учурлар:

• Коррупциясыз сапаттуу билим берүү;

• Студенттердин кыялдарын ишке ашыруу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр;

• Чет өлкөлүк практика өтөсө болот : Турция, Германия, Өзбекстан, Болгария,Россия ж.б.;

• Магистратурада ОшМУда жана чет өлкөдө билим алууну улантуу мүмкүнчүлүгү

600200 – ТУРИЗМ

“Эл аралык туризм” профили

Туризм бөлүмү туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү жаатында бакалавр адистерин даярдайт. Туризм, көптөгөн өнүккөн жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө негизги тармак болуп саналат. Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы жана меймандос эли менен акыркы мезгилде эл аралык туризмдин жаңы көздөгөн жерине айланды. Ушундан улам, мейманканаларда, коомдук тамактануу жайлары жана башка туристтик ишканаларда сапаттуу тейлөөгө муктаждык жаралууда. Жаралган суроо-талапты жогорку квалификациялуу кадрлар менен чечүү мүмкүн.

Окуу учурунда туристтик бизнес менен туруктуу кызматташууга жана координациялоого, студенттердин социалдык өнүгүүсүнө жана регионалдык туризмдин өнүгүшүнө көмөктөшүүгө көп көңүл бурулат.

Келечектеги карьера

 Мейманкана жана жайгаштыруу ишканаларында:

 Отель менеджери,

 конок үйүнүн менеджери

 ден соолукту чыңдоо жана эс алуу ишканаларынын менеджери,

 фронт- офис бөлүмүнүн менеджери,

 тамак-аш жана суусундуктар боюнча менеджери,

 коноктор менен байланыш бөлүмү адиси,

 НК менеджери,

 брондоо бөлүмү адиси,

 сатуу жана маркетинг бөлүмү адиси,

 банкеттерди, көргөзмөлөр, конференциялар жана башка иш-чараларды уюштуруу бөлүмү адиси.

 Тамак-аш жана суусундуктар тармагында:

 ресторандын, кафенин жана башка коомдук тамактануучу жайлардын менеджери,

 официант

 кейтеринг кызматтары.

 Туристтик фирмаларда:

 тур менеджер,

 турфирманын кызматкерлери,

 туристтик продуктыларды өнүктүрүү боюнча адистер,

 туристтик продуктыларды сатуу боюнча адистер,

 гид,

 гид-котормочу ж.б.

 Мамлекеттик уюмдарда адистер;

 ЖӨБ органдарында адистер;

 Туристик ассоцияциаларда, мекемелерде адистер.

“Эл аралык туризм” профилинин программасы негизинен чет тилдерин тереңдетип үйрөнүүнү камтыйт. (англис, немис, француз, түрк тилдери) Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин чөйрөсү керектөөчүлөрдүн талаптарына жооп берген сапаттарга ээ болгон туристтик продуктыларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү, туризм индустриясынын негизги тармактарында комплекстүү туристтик кызматтарды уюштурууну, туристтик жана рекреациялык зоналарды жана комплекстерди долбоорлоону, жана аларды башкаруу.

“Эл аралык туризм” профилинин бүтүрүүчүлөрү туризм тармагындагы эл аралык компанияларда, туризмди башкаруунун мамлекеттик органдарында, аймактардын туристтик администрацияларында жана туроператорлордо

Келечектеги карьера

• Туристтик бизнестин иштеп чыгуучусу жана жетекчиси;

• Туристтик продуктуну иштеп чыгуучу;

• Туризм боюнча комитеттин мүчөсү;

• Турагент (кирүү, чыгуу, ички туризм);

• Туристтик агенттиктин менеджери;

• Агент, кеңсе администратору;

• Экскурсиялык (туристтик) топторду түзүү боюнча ассистент;

• Билим берүү уюмунун кароосу боюнча буйруктарды иштетүүчү адис жана башка кесиптер (квалификациялар);

• Гид-котормочу экскурсовод.

ЛИЦ. № LD170000279

Журналистика багынтында төмөнкүлөр окутулат

• Заманбап профессионалдык журналистика

• Мультимедиа журналистикасы

• Фото жана видео тартуу өнөрлөрү

• Социалдык тармактарга кабар даярдоо

• Графикалык дизайн

• Социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү

Реклама жана коомчулук менен байланыш багытында төмөнкүлө окутулат:

• Коомчулук менен байланыштын (PR) негиздери

• Маркетинг

• Реклама түзүүнүн негиздери

• Интернет реклама

• Графикалык дизайн

• Веб-дизайн

Келечектеги карьера

• Редактор

• Кабарчы

• Пресс катчы, пресс консультант

• Фотожурналист

• Веб-дизайнер

• Маркетолог

• PR-менеджер

• Гезит дизайнери

580100 – ЭКОНОМИКА

Экономика адистиги 2018-жылы Кыргыз-Түрк факультетинин базасында ачылган. Адистиктин негизги максаты: Кыргызстандын жана дүйнөнүн жеке жана мамлекеттик тармактарында талап кылына турган сапаттуу экономисттерди тарбиялоо үчүн уюшулган бөлүм болуп саналат.

Экономика адистигинин академиялык курамында 3 экономика илимдеринин кандидаты, доцент, 2 аспирант студенттерге татыктуу билим беришүүдө.

Биздин адистиктин студенттери эл аралык уюмдарда экономист, бухгалтер, банкир жана күчтүү финансист болуп иштегиң келеби? Ошондой эле, өз жеке ишкердиктерин ачып, бизнес секторунда эл аралык деңгээлге көтөрүлө алышат.

Бакалавр программасында төрт жылдык окуутудан туруп, экономика, менеджмент, укук жана финансы, бухгалтердик эсеп, маркетинг, ишкердүүлүк сабактары негизги сабактар катары берилет. Окутуу-үйрөтүү процесси студенттерде аналитикалык, жаратмандык ойлонуу жөндөмүн пайда кылууга багытталган. Экономика бөлүмүнүн студенттери алгачкы жылдардан эле баштап технологиялык жетишкендиктерди пайдалануу аркылуу компьютер менен коштолгон билим алышууда. Студенттер тажрыйбада кеңири колдонулган программалардын жанында ошондой эле ар кандай статистикалык жана эконометрикалык анализ кылуу программаларын дагы үйрөнүшүүдө.

Экономика адистиги – маалыматты туура колдоно алган, актуалдуу экономикалык маселелерди талдай алган жана чечүү жолдорун сунуштай алган, мамиле курууну билген, этикалык принциптерди сыйлаган, жаңыланууга жана өсүп-өнүгүүгө даяр, бизнести башкарууга тиешелүү компьютердик программаларды колдоно алган студенттерди даярдоо максатын алдына койгон.

Мындан тышкары, өз багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, кызыктар тараптар менен жыйынтыктары менен бөлүшүүгө; коом алдындагы милдетине ылайык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашырууга; ар кандай рыноктук шарттарга ылайыкташуу күчүнө жана жогору атаандаштык артыкчылыгына ээ студенттерди тарбиялоого багытталган окуу программасын сунуштайт.

Анткени биздин бүтүрүүчүлөр төмөнкү кесиптин ээлери боло алышат:

• экономист - аналитик

• бухгалтер

• финансист

• салык кызматкери

• бизнес башкаруучу

• банкир

• маркетолог

• менеджер

Биздин студенттер практикасын төмөнкү ишканаларда өтөсө болот:

• мамлекеттик ж-а муниципалдык мекемелерде;

• банктарда;

• фирмаларда;

• салык жана салык салуу мекемесинде;

• ЖЧК (жоопкерчилиги чектелген коом) жана акционердик ишканаларда;

Негизги учурлар:

• Коррупциясыз сапаттуу билим берүү;

• Студенттердин кыялдарын ишке ашыруу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр;

• Чет өлкөлүк практика өтөсө болот : Турция, Германия, Өзбекстан, Болгария, Россия ж.б.;

• Магистратурада ОшМУда жана чет өлкөдө билим алууну улантуу мүмкүнчүлүгү,

• Студенттердин жогорку мектепте жана бөлүмдө жүргүзүлүп жаткан инновациялык иштеп чыгууларга катышуусу;

ЛИЦ. № LD170000279