Санариптик портфолио: ПИКТ 2-25 студенттери Гугл сайтта иштөөнү үйрөтүштү

2025-11-13 12:30:46 83

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде доцент Тургунбаева Сеил Женишбековнанын жетекчилиги менен студенттер үчүн "Студенттин портфолиясы ГУГЛ САЙТТА" аттуу мастер - класс өткөрүлдү. Мастер-класста баяндамачылар программалык инженерия адистигинин ( ПИКТ 2-25) студенттери: Эркинжанов Шерзодбек Кыязова Айзат Уткуров Жьафарбек Тойгонбаева Айназик мыкты баяндама жасашып, гугл сайтка портфолио түзүүнүн практикалык түрүн көрсөтүштү. Мастер - классты уюштуруунун негизги максаты: санариптештирүү мезгилинде, СӨАИни, жаңы теманы өздөштүрүүдө маалыматтардын топтомун ж.б.у.с. керектүү маалыматтарды өз сайтында сактай алат. Өткөрүлгөн иш-чара студенттердин колдоосуна алынып, кагаз менен иштөөнү жеңилдетип, ыңгайлуу болорун айтышты.