2025-11-16 15:46:31 9
Азыркы маалымат доорунда ар бир изилдөө, семинар же долбоор иши так жана текшерилген маалыматка негизделиши керек. Интернетте маалымат көп, бирок алардын баары эле чындыкка, илимий тактыкка жана ишенимге ээ эмес. Ушул себептен долбоор жазууда сапаттуу, ишенимдүү жана авторитеттүү булактарды тандап алуу өтө маанилүү. Бул студенттин ишинин деңгээлин көрсөтөт жана жүргүзүлгөн изилдөөнүн илимий баалуулугун жогорулатат.Сапарбаева Айнура эжеке “Долбоор жазууда сапаттуу жана ишенимдүү маалымат булактарын тандап алуу маанилүүлүгү” боюнча Пикт 1-3- курстун студенттерине семинар отуп берди.