ЭАББПЖМде “Жапон маданияты” күнү өткөрүлдү

2021-12-24 13:05:33 222

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграциялоо бөлүмүнүн Аймак таануу программасынын окутуучусу Асанахунова Зарина жана KJFF (Кыргыз Жапон достук фонду) фондунун түштүк аймак боюнча өкүлү Тецуо АСАНО мырза менен биргеликте, аталган окуу жайда япон тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен 2021-жылдын 23-декабрда “Жапон маданияты” күнүн өткөрүштү. Иш чарада АСАНО мырза Жапониянын белгилүү инсаны ХОНДА Соуичиро мырза жөнүндө презентация жасап, суроо жооптор менен коштолду. Иш чара Жапониянын улуттук даамдарын жасоо менен уланды. Студенттер өздөрүнүн колу менен Жапониянын белгилүү ОНИГИРИ деп аталган тамагын жасап, конок менен бирге даамын татышты.