ЭАББПЖМнин Россия-Евразия интеграциясы бөлүмүндө Этномаданият (Ethnoculturе) боюнча конкурс

2022-04-12 12:34:51 195

2022-жылдын 8-апрелинде ОшМУнун ЭАББПЖМде Этномаданият (Ethnoculturе) боюнча конкурс болуп өттү. Сынакта студенттер кыргыз, өзбек, япон, корей улутунун этномаданияттары жөнүндө изилдеп, салыштырып талдоо менен көп нерселерди үйрөнүштү, жаңы билимдерге ээ болушту. Бул сынакты Россия-Евразия интеграциясы бөлүмүнүн окутуучусу Жумабаева Динара уюштурду. Конкурска “Аймак таануу жана “Башталгыч класс. Англис тили” адистигиндеги студенттер катышып, улуттук фольклор, улуттук саймалардын философиясы, улуттук каада-салттар жана улуттук музыка тууралуу өздөрүнүн изилдеген материалдарын презентациялашты.