Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө профориентациялык иш планынын аткаруу иштерин жүргүзүү башталды

2022-05-11 15:28:37 174

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө профориентациялык иш планынын аткаруу иштерин жүргүзүү башталды. Иш планга ылайык, аталган бөлүмдүн окутуучулары Орозов Максат, Дыйканбаева Үмүт, Эсеналы кызы Гулзина жана Акиева Гулиза 11.05.2022-жылы Кара-Суу районунун мектептерине профориентациялык иштерди жүргүзүп келишти. Кара-Суу районунун Манас, Ленин, Кычан Жакыпов, Захреддин Бабур, ОшМУнун Кара-Суу гимназиясы, Тельман жана Гагарин орто мектептерине барып, бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушуп, бөлүмдүн жана жогорку мектепти таанытуу иштерин жүргүзүштү.