ЭАББПЖМнын Россия жана Евразия интеграция бөлүмүндө эл аралык билим берүү колледжинин бүтүрүүчү студенттери, кураторлору менен конокто болушту

2022-05-24 17:28:19 203

Бүгүн, 2022-жыл 24-майда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде, эл аралык билим берүү колледжинин бүтүрүүчү студенттери, кураторлору менен конокто болушту. ЭАББПЖМнын директору, профессор Д.Турсунов, Россия-евроазия бөлүмүнүн башчысы, доц., Д.Акматовалар жалпы программалар боюнча сөз сүйлөштү. "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасындагы студенттер, окутуучулар конокторго кенен маалымат берүү менен соңунда имарат менен тааныштырышты.