ТМИ 4-курс тайпаларынын студенттери квалификация алдындагы практикасын өтөп келишти

2022-06-01 15:54:45 158

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн Программалык инженерия 4-курс ПИКТ-1-18, Экономика 4-курс ЭКТ-1-18, Журналистика 4-курс ЖКТ-1-18, Туризм 4-курс ТКТ-1-18 тайпаларынын студенттери 2-майдан 30-майга чейин квалификация алдындагы практикасын өздөрүнө бөлүнгөн мекеме-ишканаларда өтөп келишти. 31-май күнү ар бир адистик өзүнүн бүтүрүүчү курстары үчүн практика боюнча конференция уюштурулуп, анда студенттердин практикалык күндөлүктөрү текшерилип, жасаган иштери боюнча отчеттору кабыл алынды. Студенттерибиз ар бири өздөрүнүн практикада кылган иштери, үйрөнгөн көндүмдөрү жөнүндө презентация жасап, 1 айлык практика алар үчүн пайдалуу болгондугун, теорияда үйрөнгөндөрүн практика жүзүндө көрүп, дагы да билимдерин тереңдетип келишкендигин бир ооздон белгилешти.