ТМИ Программалык инженерия адистигине экскурcиялык сабак

2022-06-09 17:04:31 232

Бүгүн 9-июнь күнү Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин Инженердик- технологиялар факультетинин 2-курсунун студенттери аталган окуу жайдын окутуучусу Досмуратов Тынчтыкбектин жетекчилиги астында ОшМУнун Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн Программалык инженерия адистигине экскурcиялык сабак уюштурушту. Конокторду программалык инженерия адистигинин программа жетекчиси Орозов Максатбек баш болгон окутуучулар тосуп алып, коноктор менен жогорку мектептин жаңы имаратына экскурция жасашты, материалдык-техникалык базасы менен тааныштырышты. Окутуучу Асилбеков Тынчтык биздин бөлүмдүн студенттери жасаган жана учурда жасап жаткан айти-проекттери жөнүндө айтып, компьютерден көрсөтүп берди. Бул биздин конок студенттердин арасында чоң кызыгууну жаратты жана мындан ары да тыгыз кызматташууну каалай тургандыгын билдиришти.