ЭАББПЖМдин жалпы жааматы, студенттери Баткен эли үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурду

2022-09-23 14:41:48 152

Эл аралык билим берүүнүн программаларынын жогорку мектебинин жалпы жамааты, студенттери Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаалдан эвакуацияланган жарандар үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурду. Акциядан чогулган кийим-кече, тамак-аш, акча каражатын бүгүн "ОшМУ Баткен менен!" штабына өткөрүп бердик. Буга чейин жамаатыбыз жатаканада жашап жаткан жарандарга түшкү ысык тамак уюштуруп берген эле. Кайрымдуу жүрөк карыбайт дегендей биздин сунушту колдоп, кол сунган окутуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдиребиз. Элибизде тынччылык болсун!