Бүгүн мугалимдер күнүн ЭАББПЖМ да жогорку деңгээлде тосуп алды.

2022-10-05 11:28:07 194

Студенттер менен биргеликте мугалимдерди куттуктоо иш-чарасын өткөрдүк. Анда жогорку мектептин профессордук-окутуучулук жамаатын тан эртен окуу жайдын алдынан шириндик менен тосуп алып, жылуу сөзүбүздү арнадык. Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим. Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да - Мугалим. Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп урушуп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим!