ЭАББПЖМнин студенттери "Боорукердик" үйүндө болушту

2022-10-05 16:50:48 206

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов баштаган жамаат, студенттер менен биргеликте Ош шаарындагы "Боорукердик" карылар жана балдар үйүндө болушту. Демилге көтөрүп барган студенттер окуу жайда уюштурулган “Боорукердик” акциясынын алкагында чогулган каражаттарга алынган күнүмдүк колдонулуучу жеке гигиеналык каражаттарды, шириндиктерди, жылуу байпактарды, китептерди тапшырып, маанай көтөргөн концерттик программа тартуулашты. Иш-чара студенттерди боорукердикке, кайрымдуулукка тарбиялоо, эмгекке үндөө максатында уюштурулган.