"Башталгыч класс. Англис тили" программасынын студенттерине Жалал-Абад шаарынан келген "Стартапкаана" долбоорунун жетекчилери тренинг өтүштү

2022-10-26 11:40:45 145

Бүгүн, 25-октябрь 2022-жылы "Башталгыч класс. Англис тили" программасынын студенттерине, экологиялык көйгөйдү чечүүгө багытталган идея жазуу, аны турмушка жөндөмдүү ашыруу, өтүнмөлөрдү толтурууга жана өз долбоорун баштоого үндөгөн тренинг болду. Тренингди Жалал-Абад шаарынан келген "Стартапкаана" долбоорунун жетекчилери Мунара Мамадалиева жана Мураталы Үчкемпировдор өттү. Иш-чара программа окутуучулардын демилгеси менен уюштурулду.