ОшМУда окутуучулар ортосунда спартакиада

2022-10-31 14:25:40 139

ОшМУда факультеттер аралык өткөрүлгөн окутуучулар ортосунда спартакиадада ЭАББПЖМнин мугалимдери волейбол боюнча мелдешке катышууда. Мелдештер жылдагыдан өзгөчөлөнүп 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку аялдар жана эркектер арасында өтөт. Оюндар бир убакта эмес, декабрь айына чейин жуманын ар жума жана ишемби күндөрү бирден спорттун түрү боюнча болот. 21-октябрда башталган спартакиада 10-декабрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланат.