Балдар дүйнөсү - Айтматовдун көзү менен

2022-12-13 14:21:13 98

2022-жылдын 12-декабрында ЭАББПЖМнын Россия-Евразия интеграциялоо бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын 2-курстары уюштурган, Ч. Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара "Балдар дүйнөсү - Айтматовдун көзү менен" деп аталып, келечектеги педагогдордун кесиптик ишмердүүлүгүнө багытталды. Мекенчилдикке, мээримдүүлүккө, сезимталдыкка, адамгерчиликтүүлүккө тарбиялаган чыгармалардан үзүндүлөр көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан алкоого алынды.