Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде достук мелдеши өттү.

2022-12-21 21:04:06 123

Анда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби менен Кызыл-Кыя гуманитардык институтунун ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча достук мелдеши болду. Бул беттеште командалар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрү менен кызыктуу оюн көрсөтүштү. Мыкты команда жана оюнчулар Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул достук оюнун уюштурган уюштуруучулар тобу Окен уулу Шумкарбек жана Орозмат уулу Исламидинге ыраазычылык билдиребиз!