"Документтерди архивде сактоо" деген темада РВ-1-21, МОЦД-1-22 тайпаларында практикалык саат

2022-12-23 11:23:16 114

Бүгүн 22-декабрь 3-4-сабактарда окуу процессин өндүрүш менен болгон байланышын күчөтүү максатында "Иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздери" дисциплинасынан "Документтерди архивде сактоо" деген темада РВ-1-21, МОЦД-1-22 тайпаларында практикалык саатты Ош МУнун архивинде өтүп келдик. Ош МУнун архивинин жетекчиси Бегимкулова Светлана Бегимкуловна архив менен тааныштырып, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, сабагыбыз жогорку деңгээлде өттү.