8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата ЭАББПЖМ чакан иш-чара болуп өттү.

2023-03-09 05:44:01 130

Аял сага кандай мактоо жарашат, Аял сенден ким сыймыкты талашат, Аял сага теңдеше албайт эч бир жан, Бардык мактоо сага гана жарашат- демекчи 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде чакан иш-чара болуп өттү. Окуутуучу мырзалар жана студенттер тарабынан айымдарга белектер ыйгарылып, жалпы аял затын бүгүнкү майрам менен куттуктап, жылуу сөзүбүздү айтып, бир аз болсо да жакшы маанай тартууладык. Жалпы мээримдүү, ажарлуу, чырайлуу аял затын майрамы менен куттуктайбыз! Сиздер бар болгондугуңуздар үчүн бул дүйнө кармалып турат.Үй-бүлөөңүздөргө тынчылык ,бейпил жашоо каалайбыз.