ЭАББПЖМ ОшМУ тарабынан чет өлкөлүк студенттердин документтерин текшерүүгө карата кезектеги ички рейд болуп өттү.

2023-04-20 06:02:59 93

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде ОшМУ тарабынан чет өлкөлүк студенттердин документтерин текшерүүгө карата кезектеги ички рейд болуп өттү. Рейддин максаты факультеттерде жана колледждерде күндүзгү бөлүмдө окуп жаткан студенттердин регистрациялык талондорун, визаларын жана каттоодон өткөндүгүн жеринде текшерип бар же жогун аныктоо болду. Аталган структураларды бөлүм башчы С.М. Амиралиев текшерүүгө алды. Чет өлкөлүк студенттер бир жерге жыйналып, аларга тышкы миграция эрежелери боюнча маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейдге сырттан окуган жана академиялык мобилдүүлүк боюнча башка окуу жайларда жүргөн студенттер тартылган жок. Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин күндүзгү бөлүмүндө Россиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан келген 21 студент окуйт. Алардын 20сынын документтери текшерилди, б.а. план 90 пайызга аткарылды. ВНО-1-21 тайпасынын куратору Караева Нургүл чет өлкөлүк студенттер менен тыгыз байланышта болуп, алардын визалары менен каттоо талондорунун көчүрмөлөрүн атайын папкага топтоп, мыкты иш алып бара жаткандыгы байкалды. Ички рейдди өткөрүүгө жакындан жардам көрсөткөндүгү үчүн Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин жамаатына терен ыраазычылык билдиребиз