ЭАББПЖМ «Акыл ордо» оюну өттү

2023-04-24 16:11:58 302

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде студенттердин ой жүгүртүүсүн өстүрүү максатында «Акыл ордо» оюну болуп өттү. Бул оюнда 3 бөлүмдөн Америка жана Европа интеграциясы, Россия жана Евразия интеграциясы, Түрк тилдүү мамлекеттер интеграциясы бөлүмүнөн 4 катышуучудан турган командалар катышты. Оюн үч баскычтан туруп, өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн командасы 1-орунга ээ боло алды. 2-орунду Америка жана Европа интеграциясы , 3-орунду Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы командалары ээледи. Жалпы катышкан студенттерге ыраазычылык билдиребиз!