ОшМУнун ЭАББПЖМде футбол боюнча "Директордун кубогу-2023" мелдеши уюштурулду.

2023-05-10 15:36:11 139

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде футбол боюнча "Директордун кубогу-2023" мелдеши уюштурулду. Мелдеш жогорку мектептин курстар арасында өтүп, ага 8 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду 4-курстун студенттеринен турган курама командасы, 2- орунду 1-курстун "МКН (б) - 1-22 тайпасынын студенттери, 3-орунду 1-курстун МБ(б)-1-22 тайпасынын студенттери ээледи. Ошондой эле "Мыкты оюнчу", "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу" номинациялары, акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды. Мелдеш студенттер арасында достук мамилени бекемдөө, ден соолукту чыңдоо максатында уюштурулду.