ОшМУнун ЭАББПЖМде спорттун волейбол түрү боюнча "Директордун кубогу-2023" мелдеши уюштурулду

2023-05-25 16:28:07 115

Мелдеш жогорку мектептин курстар арасында өттү. Жыйынтыгында 1-орунду 2-курстун студенттеринен турган “Жигиттер” курама командасы, 2- орунду 4-курстун студенттеринен турган “Манас” курама командасы, 3-орунду 1-курстун “Жаштар”командасы ээледи. Ошондой эле "Мыкты оюнчу” номинациясы, акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды. Мелдеш студенттер арасында достук мамилени бекемдөө, ден соолукту чыңдоо максатында уюштурулду.