ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде "Бүтүрүү кечеси-2023" кечеси уюштурулду.

2023-06-04 11:33:13 115

Салтанат окуу жайдын башкы имаратында өттү. Кечеде ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, жогорку мектептин директору Дилмурат Турсунов, бөлүм башчылар жана ата-энелер куттуктоо сөздөрүн жолдоп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты. Кечеде окуунун, коомдук- маданий иштердин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө ОшМУнун, жогорку мектептин ардак грамоталары, ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Бүтүрүү кечеси концерттик программа менен коштолду.