С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен кызматташуу

2023-07-12 09:55:17 183

Бүгүн 12.07.23-ж. Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебине С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Байбагышов Эрмек Муратканович жана проректору Бекежанов Марлис Мелисович кызматтык иш сапар менен келишти. Жолугушууда биргелешкен билим берүү программалары, биргелешип түзүлүүчү силлабустар, студенттердин жана мугалимдердин ички мобилдүүлүк программалары, биргелешкен илимий изилдөө иштери, илимий макалалар жана долборлор боюнча пикир алмашуулар болду. Жаңы окуу жылынан баштап билим берүү багытында кызматташууну баштоо боюча макулдашылды.