Студенттер дүйнөлүк белгилүү окумуштуу Марат Ахметтин конок лекциясына катышты

2023-09-27 10:03:26 126

Түркиянын Анкара шаарындагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин профессору, математика илимдеринин доктору, математикалык теориялар боюнча дүйнөдөгү белгилүү окумуштуулардын бири Марат Ахмет учурда ОшМУнун эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсуновдун чакыруусу менен 21-сентябрдан 30-сентябрга чейин математика багыты боюнча бакалавр, магистр, аспирант жана PhD докторанттар үчүн лекция окуп, семинарларды өтүп жатат. Бүгүн, 27-сентябга окумуштуунун лекециясына эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин программалык инженерия адистигинин студенттери да катышты.