КР жана РФ ректолорунун 3-форуму ОшМУда болуп отту.

2023-10-23 10:24:19 114

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун ||| форуму Ош мамлекеттик Университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде болуп өттү. Бул форумга аталган эки өлкөнүн тиешелүү болгон министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Тактап айтканда , бул жыйын билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус мамилелери жана алардын ортосундагы кызматташуу багыттары боюнча ,ошол эле учурда Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо маселелерин талкулоо максатында өтүлдү. Баса белгилеп кетчү нерсе форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ,Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Ош мамлекеттик университети , Россия -Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Россиянын ректорлор союзу, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жатат. Эске салсак эң алгач бул форум 2019-жылдын март айында Бишкек шаарындагы Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн. Андан кийинки экинчи форум 2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында уюштурулган.