5-октябрь Мугалимдер куну

2023-10-23 10:34:33 188

Бүгүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү үчүн майрам! 5-октябрь «мугалимдер күнү» катары жыл сайын белгиленип келет. Бул күн Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Атайын студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө боло алдык. Андан соң ЭАББПЖМнын директору ,профессор Д.А.Турсунов куттуктоо сөзүн сүйлөп, атайын даярдалган белектерди тапшырды. Ал эми бул күндүн тарыхына кайрылсак, ЮНЕСКО жана эл аралык Эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алган. Мугалимдердин эмгек тартибин аныктаган биринчи эл аралык документ иштелип чыккан. Бул күн жүздөн ашык өлкөдө салтанаттуу түрдө майрамдалып келет.