ОшМУнун ЭАББПЖМ директору, ф-м.и.д, профессор Дилмурат Турсунов баштаган делегация Өзбекстандагы Фергана мамлекеттик университетинде болушту.

2023-11-10 16:44:42 160

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору, ф-м.и.д, профессор Дилмурат Турсунов баштаган делегация Өзбекстандагы Фергана мамлекеттик университетинде болушту. Иш сапардын алкагында аталган университетте өткөн илимий семинарга катышып, баяндама жасашты. Андан сырткары Математика жана информатика факультетинин студенттери, магистранттары үчүн мастер-класс көрсөтүп, конок лекцияларды окушту. Математика жана информатика факультетинин деканы И.У.Хайдаров менен билим берүү, илим изилдөө, маданий иш-чаралар багытында өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты.