Конок лекция

2023-11-23 13:41:44 114

Эл аралык билим берүү программаларынын, Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн “Туризм” программасынын студенттерине Кулназарова Айнура Досуевнанын “Туроператордук жана турагенттик ишмердүүлүк” дисциплинасынын алкагында “Osh Travel” туристтик бюросунун директору Хасанова Лада Евгеньевна тарабынан “Ош шаарындагы туроператордук ишмердүүлүк. Кечээ, бүгүн жана эртен” деген темада конок лекция өткөрүлдү. Лада Евгеньевна, студенттерге туризм тармагында басып өткөн жолун айтып берип, көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошону менен катар, туризм секторунун жоопкерчилиги, туруктуу туризмдин маанилүүлүгү тууралуу өзүнүн туроператордук бюросунун мисалында студенттерге терең түшүндүрүп берди. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алуу менен көптөгөн керектүү маалыматтарга ээ болушту. Конок лекцияга ТМТ-1-22 жана ТМТ-1-20 тайпасынын студенттери катышты.