2023-11-27 09:48:59 80

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация 2023-жылдын 23-ноябрь күнү Өзбекстандагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде академик Махмуд Салахитдиновдун 90 жылдыгына арналган “Дифференциалдык теңдемелердин заманбап маселелери жана алардын колдонулушу” аттуу эл аралык конференцияга катышты. Конференцияда ректор Кудайберди Кожобеков: “Академик Салахитдинов физика-математика илимдеринин 9 докторун жана 38 кандидатын даярдап чыгарган, алар окумуштуунун чоң илимий-педагогикалык мектебинен өтүп, азыр Өзбекстандын жогорку окуу жайларында жана илимий уюмдарында илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн Өзбекстандын жана анын чегинен тышкары жерлерде, анын ичинде Кыргызстанда да улантып жатышат. Учурда Ош мамлекеттик университетинде жана Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларында Ташкентте кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактаган 20дан ашуун окумуштуулар эмгектенишет. Бүгүнкү күндө ОшМУ Өзбекстандын ЖОЖдору менен алгылыктуу кызматташып келүүдө. Анын ичинде Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттары жакшы жолго коюлган”. Делегация менен бирге конференцияга Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору ф.м-и.д., профессор Дилмурат Турсунов, ф.-м.и.к., доцент Максатбек Орозов жана аспирант Садиева Акбермет катышып илимий докладдарын окуп келишти.