Туризм адистигинин студенттерине конок лекция уюштурулду

2023-11-27 10:52:49 85

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн туризм программасынын студенттери үчүн конок лекция уюштурулду. Конок лекция Айнура Кулназарованын “Туроператордук жана турагенттик ишмердүүлүк” дисциплинасынын алкагында уюштурулду. Анда “Osh Travel” туристтик бюросунун директору Лада Хасанова студенттерге “Ош шаарындагы туроператордук ишмердүүлүк. Кечээ, бүгүн жана эртен” деген темада лекцтя өтүп, өзүнүн туризм тармагында басып өткөн жолу, көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Аны менен катар туризм секторунун жоопкерчилиги, туруктуу туризмдин маанилүүлүгү тууралуу өзүнүн туроператордук бюросунун мисалында студенттерге үшүндүрүп айтып берди. Конок лекцияга түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн туризм программасынын ТМТ-1-22 жана ТМТ-1-20 тайпасынын студенттери катышты.