Кореянын жождору менен кызматташуу.

2024-01-25 07:29:50 68

Кореянын жождору менен кызматташуу Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору профессор Д.А. Турсунов жана директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, россия жана евразия интеграциясы бөлүмүнүн башчысы доцент Д.А. Акматова Түштүк Кореянын Кванжу университетине иш сапары менен барды. ОшМУнун кызматкерлери окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуп, өнөктөштүк мамиле орнотуунун перспективалык пландарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда университеттер ортосунда академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашууга багытталган стажировкаларды, чыгаан илимпоздордун конок лекцияларын, чебер адистердин мастер-класстарын, уюштуруу, эл аралык долбоорлорду чогуу ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүү, кош дипломдуулук программаларын иштеп чыгуу ж.б. пункттарды камтыган эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Иш сапардын жүрүшүндө делегация өкүлдөрү Пусан университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча “Аймак таануу” адистигинде окуп жаткан студенттер менен да жолугушту.