Жаңы 2024 жыл ,ЕАИ бөлүмү үчүн жаңы жаңылык менен башталды.

2024-02-10 05:41:01 88

Жаңы 2024 жыл ,ЕАИ бөлүмү үчүн жаңы жаңылык менен башталды.Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Европа-Америка Интеграция бөлүмүнүн немец тили окутуучусу, DEAD программасынын бүтүрүүчүсү жана стипендианты Сарыкбаева Жумагул Германия менен кызматташуу аттуу семинарды 5.02.2024 күнү өтүп берди. Жумагул Файзуллаевна 2024 жылдын 5-29- январь күндөрү Германияда иш сапары менен барып, ал жердеги Цвикау университетинин өкүлдөрү менен жолугушуп, окуу жайдын окуу процессинин уюштурулушу менен таанышып,өз ара кызматташуу жана студенттердин мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин сунуштап ,ийгиликтүү кайтты. Семинарда төмөнкү маселелерге кеңири токтолуп,кызыктуу баян куруп берди. 1) Германия менен кызматташып иштешүүгө мүмкүнчүлүктөр; 2) Илимий жетекчи табуу; 3) Диссертацияларды коргоо, илимий изилдөө иштерди жүргүзүү; 4) Ар түрдүү маселелер