профессор Т.Уметов "Башталгыч билим берүү.Англис тили" программасынын студенттерине "Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүдө элдик оюндар" аттуу лекция окуду

2024-02-13 08:50:53 78

Бүгүн, 2024-жылдын 13-февралында, ЭАББПЖМнын Россия-Евразия интеграция бөлүмүндө профессор Т.Уметов "Башталгыч билим берүү.Англис тили" программасынын студенттерине "Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүдө элдик оюндар" аттуу лекция окуду. Конок-лекция интеррактивдү оюндар менен коштолуп, кайтарым байланыш жасалып, студенттер пайдалуу педагогикалык жана психологиялык маалыматтарга ээ болушту.