«21-февраль –Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнүнө карата “Улуттар ынтымагы дүйнөнү сактайт” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

2024-02-19 10:53:56 362

Ош мамлекеттик университетинде «21-февраль –Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнүнө карата “Улуттар ынтымагы дүйнөнү сактайт” аттуу иш-чараны өткөрүү боюнча чыккан жобонун негизинде Эл аралык билим берүү мектебиндеги Европа-Америка Интеграция бөлүмундө Веласко Гомес Инмакулада тарабына “Испан тилинин маданияты” аттуу иш чара даярдалып ,19-февраль күнү Испан борборунда өткөрүлдү. Иш чарада АПЛ-2-23 тайпасынын студенттери Орозбекова Уулжана Эрмекова Уулжан испан тилиндеги обондуу ырларды жандуу үн менен ырдап беришти.Ошондой эле АПЛ-1-23 жана АПЛ -2-23 тайпасынын студенттери атайын улуттук кийимдерди кийишип,танго,фламенго сыяктуу бийлерди бийлешти. Өзгөчө гитарада да кол ойнотуу менен ,испан музыкасын уктура алышты.Көркөм окуу да четте калган жок ,4-курстун студенти Адишова Айгерим белгилуу жазуучунун калемине таандык чыгармадан үзүндү айтып берди. Мындан сырткары АПЛ,Ев тайпаларынын 1-2-курстагы студенттер бул улуттун өзгөчөлүгүн даңазалаган көргөзмө уюштурушуп,улуттук тамаш-аштары менен тааныштырышты жана өлкөнүн атактуу сүрөтчөлөрү менен тааныштырышты. Испанияны биз кантип “Матадорсуз” жана” корридосуз” элестете албайбыз!Булар испан маданиятынын чыныгы баатырлары. Алар аренага кирип, күчтүү букачарлар менен беттешип, кайраттуулукту, кайраттуулукту жана ырайымдуулукту чагылдырат. Матадордун ар бир кыймылы көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, жүрөктөрдү толкунданткан чыныгы искусство. Бирок, коррида жөн эле спектакль эмес, Испаниянын улуттук маданиятынын жана тарыхынын бир бөлүгү. Анын башаты алыскы өткөн жылдарга барып такалат, ал кезде мергенчилер жапайы букаларды массалык түрдө көңүл ачуу үчүн кармашкан. Мыны ушул көрүнүштү Ев-1-23 тайпасынын студенттери өтө кызыктуу даярдашып , көрсөтүп беришти. Жыйынтыгында кароо-сынакка катышуу үчүн “корридону” чагылдырып бере алышкан номерди тандалып алынды