ВНО(б)-2-22тайпасынын студенти Макамбаева Айсезим "КМШнын мыкты студенти-2023" медалы жана диплому менен сыйланды.

2024-03-05 02:09:46 98

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграциялоо бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын ВНО(б)-2-22тайпасынын студенти Макамбаева Айсезим Замирбековна КМШнын масштабындагы «Scientific publication» басма борбору тарабынан уюштурулган студенттердин эл аралык илимий макала жазуу конкурсунда байгелүү орунга ээ болгондугу үчүн"КМШнын мыкты студенти-2023" медалы жана диплому менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 2-февралында Өзбекстандын Ташкент шаарында да болуп өттү.