ОшМУнун студенттери Сивас Жумхурийет университетинде улуттук баалуулуктарды даңазалашты

2024-03-06 02:14:28 85

Сивас Жумхурийет университетинин Санжактар кыз жатаканасынын жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк студенттерге арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин англис тили жана башталгыч класстарды окутуу бөлүмүнүн студенттери Нурайым Асанбаева жана Чет тилдер факультетинин англис тили адистигинин студенти Айнуска Каратаева катышты. Алар өлкөбүздүн тарыхы, маданияты, улуттук баалуулуктары менен жакындан тааныштырып, улуттук даамдарды тартуулашты. Аталган иш-чарага Кыргызстан, Сенегал, Иран, Азербайжан жана Түркиянын Мардин, Самсун, Кахраман Мараш шаарларынан келген студенттер катышкан. Учурда Сивас Жумхурийет университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча ОшМУнун 5 студенти билим алып жатат.