Англис тили боюнча олимпиада

2024-03-07 07:43:59 100

2024-жылдын 6-мартында Европа Америка Интеграция бөлүмүндө “Европа таануу” жана “Англис тили кошумча котормо жана котормо таануу” адистигинде окуган ,1-2-курстадагы студенттердин арасында Англис тили боюнча олимпиада болуп өттү. Англис тили боюнча олимпиаданын максаты-студенттерге англис тили боюнча билимдерин, анын ичинде окуу, жазуу, угуу жана сүйлөө жөндөмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. Бул студенттерди тил жөндөмүн өркүндөтүүгө, ишенимди бекемдөөгө жана дени сак атаандаштык рухун тарбиялоого үндөйт. Кошумчалай кетсек, англис тили боюнча олимпиадага катышуу студенттердин тилди билүү деңгээлин таанууга жана андан ары окууга же жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет. Жалпысынан 27 студент өз билимдерин сынап көрүштү жана ар бир жөндөм боюнча канча бал алганын угушуп ,кыскача алардын негизги каталары эмнеде болгондугун анализдөө жургуздук. Жыйынтыгында 6 эң мыкты студенттер финалга өтүштү. 11-март күнү бул студенттердин арасынан 3 мыкты студентти жазуу жөндөмү боюнча сынакка катыштырабыз. Олимпиаданы уюштуруп ,тапшырмаларды түзүп ,алардын ишин текшерип баалаган ушул бөлүмдүн мугалимдерине ырыызычылык билдиребиз!