2024-10-04 09:27:57 27
2024-жылдын 27-сентябрында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү.Англис тили" программасынын 3-курс ВНО(б)-1-22, ВНО(б)-2-22 тайпаларынын студенттерине педагогикалык практикага багыт берүү конференциясы өткөрүлдү. Практика жана карьера борборунун улук инспектору (педагогикалык практика) п. и. к., проф., А. Батыралиев ОшМУнун практика боюнча жоболоруна таянып бир катар методикалык кеңештерди берди. Ошондой эле РЕИБнын бөлүм башчысы доцент, Д. Акматова, программа жетекчи Б. Марзабаева жана башка окутуучулар да коопсуздук эрежелерден тарта күндөлүктү толтуруу, педагогикалык этикет боюнча кенен маалыматтар менен бөлүшүштү.