2025-03-05 05:07:50 33
27-февраль күнү Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студент балдарына Ата мекенди коргоочулар күнүнө арналган " Мырзалардын өздүк гигиенасы, жүрүм-туруму жана ден соолугу" деген темада иш-чара Аялдар кеңешинин төрайымы Акматова Жамила тарабынан уюштурулду.Медицина факультетинин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын улук окутуучусу Аринбаев Бекболот презентациясын көрсөтүү менен кеңири маалымат берди. Студент балдарыбыз кызыккан, ички дүйнөсүн түйшөлтүп жүргөн купуя суроолоруна тиешелүү жоопторун алышты.Ата мекенди коргоочуларыбыздын ден соолуктары бекем, кайраттары кажыбас болуусун тилейбиз. Бекболот агайыбызга чоң ыраазычылык билдиребиз.