2025-03-14 07:00:08 54
Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин “Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы” бөлүмүнүн студенттери үчүн конок лекция болуп өттү. Лекциянын спикери — Аскар Сулайманов, Плимут университетинин (Plymouth University) бүтүрүүчүсү, робототехника жана машиналык окуу жаатындагы адис. Учурда ал Лондондо машиналык окуу инженери болуп иштейт жана автоматташтырылган системалар, акылдуу технологиялар, инновациялар багытында кеңири тажрыйбага ээ. Конок лекциянын алкагында “Робототехника жана жасалма интеллекттин актуалдуулугу” деген тема талкууланды. Спикер робототехниканын азыркы жашоодогу мааниси, өнүгүү келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле студенттерге жасалма интеллект жана машиналык окуунун заманбап колдонмолору, алардын экономика, илим, билим берүү жана башка тармактардагы орду тууралуу кеңири баяндап берди. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер робототехника жана жасалма интеллект боюнча кызыккан суроолорун берип, адистен баалуу жоопторду ала алышты. Бул иш-чара студенттер үчүн келечектеги карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу тереңирээк түшүнүк алууга жана технологиялык прогресске болгон кызыгуусун арттырууга түрткү болду.