2025-04-09 07:56:01 63
Python тилинде тизмелерди иштетүү боюнча конок лекциялар өткөрүлдү Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиялар тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жогорку окуу жайларынын башкы максаттарынын бири болуп саналат. Бул багытта университеттер аралык кызматташтыктын алкагында студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө билим алып жаткан «Программалык инженерия» жана «Математика жана компьютердик илимдер» багытындагы 2-курс студенттери үчүн мазмундуу жана пайдалуу конок лекциялар өткөрүлдү. Аталган лекцияларды Андижан мамлекеттик университетинин «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын доценти Медатов Асилбек Абдувалиевич окутуп, студенттерге «Python тилинде тизмелерди иштетүү» деген темада терең маалымат берди. Лекциялардын негизги максаты — студенттердин программалоо багытындагы практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана өзгөчө Python тилиндеги маалыматтык түзүмдөр менен иштөө жөндөмүн тереңдетүү болду. Сабактар теория менен катар практика менен коштолуп, студенттердин өз алдынча ойлонуу жана иш жүзүндө колдоно билүү жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө чоң салым кошту. Бул конок лекциялар университеттер аралык кызматташтыктын негизинде уюштурулуп, IT-адистерин сапаттуу жана заман талабына ылайык даярдоого багытталган маанилүү кадамдардын бири катары бааланууда. Мындай иш-чаралар студенттер үчүн жаңы билимдерди, заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, алардын келечектеги адистик жолуна бекем негиз болуп берет.